super.kg logo

Ханыша Елизавета II менен коштошуу маалында күтүлбөгөн окуя болду

 

Кечээ, 12-сентябрь күнү Эдинбург шаарында (Шотландиянын борбору) Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II менен коштошуу маалында күтүлбөгөн окуя болду. Анда белгисиз жаран ханзаада Эндрюнун дарегине ыплас сөздөрдү айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, ханыша Елизавета II'нин табытын көчөдөн көтөрүп бара жатканда белгисиз жаран табытты коштоп бара жаткан ханзаада Эндрюга "Оорулуу, чал!" деп кыйкырууга үлгүргөн. Полиция кызматкерлери аны дароо кармап кеткен.

"Бул окуяга ханзаада Эндрюнун өспүрүм менен мамиледе болгон деп шектелгени себеп болушу мүмкүн. Эндрю бул чуулгандуу окуянын айынан падышалык ыйгарым укуктардан ажыратылган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда аскер кийимин кийип жүрүүгө укугу жок болчу", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 13-сентябрда ханышанын сөөгүн Лондонго алып барышат, ал эми 19-сентябрда жерге берилет. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына падышалык үй-бүлө жана бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен делегациялары катышат.

Эскерте кетсек, ханыша Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
13.09.2022. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буну дагы жаман коргондор болгон экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: