Түптөгү 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: Ооруканадан алтынчы адам каза болду
Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган жол кырсыгынан ооруканадагы алтынчы адам каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Түп райондук ооруканасынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөн 36 жаштагы О.Р. аттуу жаран 12-сентябрь күнү саат 00:20 чамасында каза болгон. Түп райондук ооруканасы жол кырсыгынан жабыркаган адамдардын абалы оор экенин дагы кошумчалады.
11-сентябрда Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында Фольксваген Пассат, Хонда Аккорд жана Субару үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада 32, 28, 30 жаштагы үч эркек киши, 14 жана 1 жаштагы кыздар каза болуп, 4 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында 5 жаштагы кыз дагы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Neiro

13.09.2022. 11:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шофёрлор этияттап жүрүш керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.