super.kg logo

Чүйдө катуу сабалган аял ооруканада каза болду. Шектүү катары анын күйөөсү кармалды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда аялын сабап өлтүргөн деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан улам каза болгону жөнүндө маалымат милицияга түшкөн.

Бул факты боюнча дароо кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында, окуянын чоо-жайы такталган. Тагыраагы маркумдун күйөөсү, 1982-жылы туулган К.М. Красная Речка айылындагы үйүндө арак ичип олтуруп, аялы менен уруша кетип аны сабап салган. Натыйжада аялы ооруканада каза болгон.

Учурда шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.09.2022. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан сымал окшош эркектер толуп кетти. Ыймандуу болобуз деп аялдар акыры зомбулук тартып жүрүп өтөсүңөр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: