Сузакта жол кырсыгынан үч адам каза болду
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган жол кырсыгынан үч адам каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-сентябрь күнү саат 16:45 чамасында Сузак айылы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош жолунун 565-чакырымында болгон. Анда 1972-жылы туулган жаран КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Жалал-Абад шаарын көздөй бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен сүзүшкөн. Бул унааны 2000-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан.
Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу, ошондой эле Мерседес-Бенц Спринтердин жүргүнчүсү болгон 2001-жылы туулган жигит окуя болгон жерден каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.