super.kg logo
  Саясат  

Түндүк-түштүк кошумча унаа жолун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

 
Президент Алмазбек Атамбаев 4-декабрда “2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтүнүн атынан Каржы министрлиги (насыя алуучу) менен Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын (насыя берүүчү) ортосундагы Түндүк-түштүк кошумча унаажолу,  Казарман - Жалал-Абад участогу жана  Балыкчы-Арал долбоору боюнча жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган болчу.

Мыйзамга ылайык, КРнын Каржы министрлигине жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарлоого тийиш.   

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: