super.kg logo

Арменияда чек арадагы аткылоодон үч жай тургун жараат алды

 

Армениянын Азербайжан менен чек арасындагы аткылоодон үч жай тургун жаракат алды. Бул тууралуу Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

"Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн Аремениянын калктуу пункттарын артиллериялык аткылоосунун натыйжасында үч жай тургун жараат алды", — деп айтылат агенттиктин социалдык тармактардагы баракчасында.

Белгиленгендей, жаракат алгандардын биринин абалы оор, калган экөөнүн абалы канааттандырарлык.

Шейшембиге караган түнү Армения-Азербайжан чек арасында согуштук аракеттер болуп, тараптар бири-бирин кырдаалдын курчушуна алып келди деп айыпташууда. Ереван Азербайжан армиясы Армениянын аймагын артиллерия жана пилотсуз учактар ​​менен аткылаганын билдирди.

Өз кезегинде Баку армян аскерлери азербайжан аскерлерине ок атып, кагылышуу болгонун билдирди. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Арменияны тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат деп айыптады.

Эки тарап тең өз аскерлеринин арасында жоготуулар болгонун кабарлашты.

Ал эми бүгүн эртең менен тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: