Токаев Нур-Султан шаарын кайрадан Астана деп өзгөртүүгө макул болду
Казакстандын борбору Нур-Султан шаары кайрадан мурдагы Астана аталышын алат. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Маалыматта айтылгандай, борбор шаарга мурдагы аталышын берүү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбооруна киргизилип, өлкө башчынын макулдугу менен конституциялык кеңешке жөнөтүлгөн.
"Жаңы Казакстан" партиясы 2-сентябрда Нур-Султан шаарын кайрадан Астана деп өзгөртүү тууралуу сунуш киргизген. Алардын айтымында, көзү тирүү кишинин атын шаарга ыйгаруу туура эмес, ошондой эле калк да бул аталышты кабыл алган эмес. Бул сунушка Токаев макул болуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорго киргизген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Аkjol18

13.09.2022. 19:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пахта чирип кеттиби,баурдастар?
Ат алмаштырганга да,олчойгон акча кетсе керек бюджеттен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.