super.kg logo

"Армияда болдуңуз беле?" Коргоо министри депутат менен кайым айтышты (видео)

 

Бүгүн, 13-сентябрда эл өкүлү Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында аскердик кызмат өтөп жүрүп суицидге барган жоокерлер тууралуу Коргоо министринин маалыматын угуу учурунда министр Бактыбек Бекболотовдун буга чейин айткан аскерге жоокерлер даярдыгы жок келгендиктен өзүнө-өзү кол салып жатат деген билдирүүсүн сынга алды.

Токтошевдин жоокерлердин даярдыгы жок болсо аскерге албай эле койбойсуңарбы деген соболуна жооп иретинде Коргоо министри “Сиз аскерде болдуңуз беле?” деп суроо узатты.

"Ал жерде даярдык деген – физикалык даярдыгы эмес, бул аң-сезимдин даярдыгы. Адам деген мен мамлекетим үчүн өлүп берем деп даяр болушу керек. А эгер аскерге баратканда эле мен ошол жерден өлөм деп келсе, анда ошол жерден өлөт”,- деп жооп берди министр.

Бекболотов ошондой эле каза болгон жоокердин бирөө сүйлөшкөн кызына ызаланып өзүнө кол салганын, ага министриликтин эч кандай күнөөсү жок экендигин кошумчалады.






Коргоо министри депутат менен кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.09.2022. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргоо министрлигинде эле эмес,ички аскер,чек арачылардан да олуп жатат,бардык жетекчилерди чакырып сурабайсынарбы,ОКМди дагы.
13.09.2022. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психологдорду тартып,балдарга сабак өтсүн ант тапшырганга чейин.
13.09.2022. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүт ойду келди сүйлөгөн дөөдүрлөр бийликте
14.09.2022. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктердин "Жоопкерчилик " деген түшүнүк жоктугунан ар нерсе деп дөөрүп, айыпты өлгөн адамдын өзүнө оодарып, өздөрү сүттөй таза
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: