super.kg logo

Түркиянын "EXPO’21 HATAY" маданият майданына саякат (фото)

 

SUPER.KG порталынын бул жолку саякаты Түркиянын Хатай (ред: мурунку Антакья) шаарына болду. Аталган шаар Түркиянын түштүгүндө жайгашып, Сирия менен чектешет. 1,5 миллионго чукул адам жашаган шаардын жалпы аянтты 5 678 чарчы чакырымды түзөт.

Хатай шаарына жасалган саякаттын алкагында "EXPO 21 HATAY" маданий борбору менен тааныштык. Аталган комплекс 2022-жылдын 1-апрелинде ишке киришкен. Маданий борбор - тарых, билим берүү, искусство, маданият тармагындагы чоң аянтча. 200 гектар аянтты ээлеген "Цивилизация бакчасына" бардык жарандар акысыз киришет.

Аталган майдан 5 000 кишиге ылайык амфитеатр, улуттук парк, Түркиянын шаарлары түшүрүлгөн бакча, археопарк, искусство жана маданият көчөсү, ботаникалык академия, гастрономиялык бакча жана академия сыяктуу комплекстен турат.

Ботаникалык академияда Түркияда өскөн өсүмдүктөрдүн уруктары сакталат. Ар бир уруктун алдына маалымат алуу үчүн QR код орнотулган. Өсүмдүктөрдүн адамдын кайсы органына пайдалуу экендиги тууралуу маалыматты электрондук тактадан көрүүгө болот. Андан сырткары 200гө чукул жандуу өсүмдүктөр көргөзмөгө коюлган. Зейтин сыяктуу өсүмдүктөрдөн түрдүү майлар, дары-дармектер жасалат.

Чет өлкөдөн конок катары чакырылган журналисттер Ботаникалык академиядан Хатайдын улуттук даамы болгон "Сарма ич" аттуу салатты жасашты. Салаттын жасалыш жол-жоболорун академиянын ашпозчусу көрсөтүп берди. Жеңил салатты жасоого 5 мүнөттөй убакыт сарпталды. Андан катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Маалымат турга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Европа өлкөлөрүнөн журналисттер чакырылган. Саякатты уюштуруп берген Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүү агенттигине (TGA) ыраазычылык билдиребиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2022. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эки эле суротту кайра кайра жуктой берипсинерда бир аз башкача тартып!мынвн башка жери жок бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: