super.kg logo

Бишкекте курулуш компанияларына лифт коюп берем деп 200 миң долларга алдап кеткен жаран Казакстандан кармалды

 

Курулуш компанияларды ири өлчөмдөгү материалдык чыгымга учураткан жаран Казакстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросу, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгү, Казакстандын Интерпол улуттук борбордук бюросу жана Алматы шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. аттуу жаранды кармашкан. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.

Шектүү курулуш компаниялардын өкүлдөрүнүн ишеничине кирип, алар менен лифт жабдууларын камсыз кылып берүү боюнча келишимдерди түзүп, акча каражатын алган. Бирок өз милдеттемелерин аткарбай качып жүргөн.
Шектүү өзүнүн кылмыштуу иш-аракеттери менен курулуш компанияларына жалпысынан 200 миң долларды түзгөн материалдык зыян келтирген.

Учурда ал Кыргызстанга экстрадицияланып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын тергөө абагына камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: