super.kg logo

"Короосуна көмүп". Чүйдө атасы уулун өлтүрүүгө шектелүүдө

 

Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылында өз уулун өлтүрүүгө шектелип 59 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында райондук милицияга Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8-сентябрь күнү 1987-жылы туулган И.Р. аттуу жолдошу үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө тергөө кызматы тарабынан дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болгон. Андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.

Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы, 1963-жылы туулган И.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдан улам жана ата-баланын өз ара пикир келишпестиктен келип чыкканы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: