super.kg logo

Ханыша Елизавета II'нин тажыясына Путин чакырылган жок

 

Улуу Британия бийлиги ханыша Елизавета II'нин тажыясына Орусиянын президенти Владимир Путинди чакырган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиядан тышкары Беларусь жана Мьянма өлкөсүнүн өкүлдөрү да чакырылган эмес.

Ал эми Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент ханышанын тажыясына катышууну өзү деле пландабаганын билдирген. Бирок орус президенти ханышанын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жиберип, жаңы падышаны такка отурушу менен куттуктаган.

Белгилей кетсек, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон. Анын сөөгү кечээ, 13-сентябрда Лондонго алып келинди. Ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда өтөт. Ага Улуу Британия башка мамлекеттерден 500гө жакын өкүлдү чакырган. Алардын арасында АКШ лидери Жо Байден дагы бар.

Ал эми Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев барары кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: