super.kg logo

"Эки тараптын маалыматы карама-каршы". Казакстан Арменияга ЖККУ алкагындагы тынчтык миссиясын жибербейт

 

Казакстан Арменияга ЖККУ алкагындагы тынчтык миссиясын жибербейт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун кезексиз жамааттык коопсуздук кеңешинде Армениянын премьер-министри ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларына Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берген. Эки тараптан карама-каршы маалыматтар айтылгандыктан Казакстан объективдүү маалыматтарды алуу максатында Арменияга ЖККУ алкагындагы тынчтык миссиясын жибербейт.

"Мамлекет башчылары ЖККУнун башкы катчысы жерине барып толук маалымат алып, андан соң маалымат берүү чечимине келишти. Азербайжан менен Армениянын чек арасы делимитация жана демаркацияланбагандыктан чек араны бузуу тууралуу сөз айтуу кыйын. Ошондуктан азыр биринчи маселе - Армения-Азербайжан чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын ишин кайра баштоо.

Ошол эле учурда Казакстан өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Анткени Казакстан өзүнүн кургактык жана ал тургай деңиз чек араларын толугу менен демаркациялаган. Демаркация Орусиядан башка бардык мамлекеттер менен дээрлик аяктаган", - деген министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: