super.kg logo
  Саясат  

Таалайбек Ибраевге энергетика министринин милдеттери убактылуу жүктөлдү

 
Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге министрдин милдеттери убактылуу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлады.

"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, энергетика министри жок болгон мезгилде министрдин орун басары Таалайбек Ибраевге министрдин милдеттерин аткаруу жүктөлдү",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Доскул Бекмурзаев тергөө аяктаганча кызматынан убактылуу четтетилгени кабарланган.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура кечээ энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Ала арада Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштерин анын атын каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептей турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: