super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-сентябрь: Балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева туулган

 

Кыргыз-совет балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 17-майда туулган делинсе, кээ биринде 15-сентябрь деп жазылган. 17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан, бул датаны уулунун туулган күнү менен окшоштуруп жаздарып койгон деп айтылат.

СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан баштап башкы солист болуп иштеген. 1949-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкек) хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген.

Бүбүсара Бейшеналиева Кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Бүбүсара Бейшеналиева СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылы 11-майда 47 жаш курагында каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: