Чолпон-Атада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды





Чолпон-Атада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Милицияга август айында Ысык-Көл жана Нарын облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу тобунунун мүчөлөрүнүн бири баңгизат сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, Чолпон-Ата шаарынын 26 жаштагы Э.Э. аттуу тургуну кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Соттук-химиялык экспертизанын жайынтыгы боюнча, алынган далил зат гашиш баңгизаттын түрүнө таандык экени жана анын таза салмагы 3,006 граммды түзөрү аныкталды.
Шектүү бир күн мурун Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринен кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:26
2025-10-03
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.