Сербиядан келген спортчулар жеңиштен кийин эмне кылышат?
Бүгүн, 15-сентябрда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү, байге ээлери Бишкекке келишти. Аларды "Манас" аба майданынан активисттер, күйөрмандар жана алардын жакындары салтанаттуу түрдө тосуп алышты.
Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча коло байгеге ээ болгон Амантур Исмаилов 1-2 жумалык тыныгуудан кийин Дүйнө Кубогуна даярданып, кайрадан машыгууларды баштаарын айтты.
"Биздин алдыда дагы мелдештер бар. Ноябрь айынын ортолорунда Дүйнө Кубогу болот. Ошол турнирлерге даярданабыз. Даярданбагандар эс алышат. 1-2 жумадан кийин эле машыгууну баштайбыз", - дейт ал.
Амантур Исмаилов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.