Кыргыз балбаны Будажапов тажикстандык атаандашын 10:0 эсебинде жеңди (видео)
Бүгүн, 15-сентябрда күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргыз балбаны Арсалан Будажапов тажикстандык атаандашын 10:0 эсебинде жеңди.
Эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмак ченинде Шухрат Бозоровту утуп чейрек финалга жолдомо алды. Эми ал 1/4 финалда дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү америкалык балбан Жордан Эрнест Барроуз менен күч сынашат. Будажапов алгачкы айлампада франциялык атаандашын жеңген эле.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар. Азырынча Кыргызстандын куржунунда грек-рим күрөшүнөн 2 алтын жана 1 коло байге бар.
Видео: Prosports Kyrgyzstan
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
mira27

15.09.2022. 18:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балбан кыздар женбей калганы окунучтуу болуп калды
Men_ele

15.09.2022. 19:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бозоровду...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.