super.kg logo

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Польшадан Бишкекке алып келинди

 

Бишкекке эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Европа өлкөсүнөн экстрадицияланып алып келинди. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына таянсак, ал "киши өлтүрүү" беренеси боюнча 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Буга чейин Польшанын Пшемысль шаарында жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "киши өлтүрүү" беренеси боюнча издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган тургуну Н.К. кармалган.

Ал 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн. Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан кылмыш жасады деп айыпталууда.

"Ошол жылдын февраль айында белгисиз адамдар атуучу курал колдонуу менен чач-тарачтын имаратында жергиликтүү тургунду өлтүрүшүп, изин жашырып качып кетишкен. Бир айдан кийин бул оор кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталган.

Буга чейин кылмышка шериктеш болгон жаран ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эми Н.К. болсо изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Польшанын аймагында кармалган жаранды экстрадициялоо маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чечилди.

Варшава шаарынын аэропортунда Польшанын полиция кызматкерлери аталган жаранды Кыргызстандын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган жаран тергөө иш-чараларын жүргүзүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам кызматкерлеринин коштоосунда Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөттө кармалган адамга жолдо өзүнө-өзү жаракат келтирбеши үчүн башына коргоочу атайын шлем (каска) кийгизилген. Аны Европа өлкөсүнөн ушундай тартипте тапшырышканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.09.2022. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ала топу туугандар го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: