super.kg logo
  Саясат  

Назарали Арипов: “Республика” фракциясы азыркы өкмөт отставкага кетмейинче коалицияга кошулбайт”

 

“Республика” фракциясы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган азыркы өкмөт отставкага кетмейинче көпчүлүк коалицияга кирбейт. Муну SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Назарали Арипов билдирди. Айтымында, фракциянын мындай чечимге келишине акыркы саясий окуялардын тиешеси жок.

“Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссия өз ишин аяктады. Анда дирекциянын мурдагы башчысы, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин бир катар мыйзам бузуу иштерине барганы белгилүү болду. Тактап айтканда, акчаны сарамжалдуу пайдаланган эмес. Бул маселе кийинки аптада Жогорку Кеңеште каралат. Анан да “Кумтөргө” байланыштуу иштерге вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катыштыгы бар экендиги айтылууда. Ушундай жактарды эске алуу менен биз азыркы коалицияга кирүүнү убактылуу токтоттук”,- деди Арипов.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: