super.kg logo

Чогуу жардам кылабыз! MegaCom жабыр тарткан баткендиктерге каражат топтолуп жатканын жарыялайт

 

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак орун алган аймактагы кыргызстандыктар үчүн кабатыр болуп жатканын, ошондой эле кырдаал тезирээк тынчыса экен деген үмүт менен чын жүрөктөн колдоо ниетин билдирет.

Оор кырдаалга байланыштуу, MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасындагы Кызыл Ай уюму менен биргеликте, Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасынан жабыркаган, ошондой эле Баткен облусунун эвакуацияланган тургундарына жардам берүү максатында, шашылыш акча каражатын чогултуу башталганын маалымдайт.

Муктаж болуп турган жарандарыбызга жардам колун сунуп, тилектештигибизди билдирип жана патриоттуулук сезимибизди ойготууга чакырабыз. MegaPay тиркемеси аркылуу өзүңүз каалаган суммадагы каражатты өз каалооңуз менен кайрымдуулук иретинде которсоңуз болот.

Акча которууну кантип жүргүзүүгө болот?

  • MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо (Google Play жана App Store’дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • сервистин башкы бетинен «Баткеним менин» кызматын тандоо же «Төлөм» бөлүмүн ачып, ал жактан «Кайрымдуулук» дегенди басып өткөн соң «Баткен үчүн каражат чогултуу. Кызыл Ай» баскычын тандоо;
  • акча каражаты алына турган телефон номерди жана каалаган сумманы жазуу;
  • төлөмдү тастыктоо.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бардык кыргызстандыктарга тынчтык каалайт жана Баткен облусунун чек ара аймактарынын калкын жапатырмак колдоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: