super.kg logo

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов: "Дүрбөлөңгө түшпөгүлө, курман болгондор, жаракат алгандар бар"

 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны жана чек арадагы кырдаал тууралуу айтты.

"Садыр Жапаров Самарканддан келери менен кезексиз коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйында чек арадагы маалыматтарды алып, ошонун негизинде болгон мамлекеттик кызматкерлерге тийиштүү тапшырмаларды берди. Анда негизги маселе, жарандарыбыздын коопсуздугу, элибиздин бүтүндүгү.

Кырдаал президенттин көзөмөлүндө. Мен айтып коюшум керек. Тажик тараптын бизге болгон ок атуусунан курман болгондор, жаракат алгандар бар. Алардын саны такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Тажик тарап эртең мененки саат 06:00да бизге ок чыгарып баштады. Аларга жооп ирээтинде биздин дагы аскерлер ок атты. Бирок биз ошол эле убакта мен өзүмдүн дагы кесиптешиме телефон чалып, ок атышууну токтоткула, буйрук бергиле деп айттым. Бирок чек ара кызматкерлери аларды уккан да жок, тескерисинче күчөп баштады. Саат 16:00дө ок атынуу токтоткула дедик эле, бирок алар кайра ок атышууну баштады.

Азыр биздин жарандарга кайрылабыз, дүрбөлөңгө түшпөгүлө, бизге кайра жардам бергиле. Биз баардык аракеттерди карап жатабыз", - деди Иманкулов.






Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов: "Дүрбөлөңгө түшпөгүлө, курман болгондор, жаракат алгандар бар"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: