super.kg logo
  Спорт  

Дагы бир медаль. Арсалан Будажапов дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

 

Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль багындырды.

Арсалан Будажапов 79 килограмм салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышып, франциялык, тажикстандык балбандарды утуп, чейрек финалга чыгып, АКШнын спортчусуна жеңилип калган. Бирок АКШнын спортчусу финалга чыкканы үчүн Будажапов көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Мында кыргыз балбаны түркмөнстандык балбанды утуп, коло үчүн күрөшүүгө чыкты.

Чемпионаттын үчүнчү орунуна болгон кармашта Будажапов болгариялык Али-Паша Умарпашаевди 5:1 эсебинде артта калтырып, жеңүүчү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: