super.kg logo

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 24 адам набыт болду

 

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 24 жараны набыт болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь саат 01:30га карата 87 киши жарадар болду.

16-сентябрда Тажик Республикасы тынч жаткан Кыргыз Республикасына кол салды. Маалыматка ылайык, тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык келишимдерди бузуп, саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган.

Тажикстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы абалды турукташтырууга жана жаңжалды ырбатпоого бардык күчүн жумшоодо. Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугуп, ок атышууну токтотуу боюнча эки тараптуу макулдашуу болгон.

Ал арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашкан.

Саат 18:30га карата тажик тарап жетишилген макулдашууларды бузуп, Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер конуштарындагы кыргыз чек арачыларына кайрадан ок чыгарган. Ал эми Баткен районунда тажик тараптан бир убакта бир нече ок чыгаруучу реактивдүү система колдонулгандыгы катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын куралдуу кол салуусун токтотууга мажбурлоо үчүн жооп кайтарууга аргасыз болууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
17.09.2022. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакиев болгондо котун айрыйт эле тажиктердин
17.09.2022. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алар бандиттер. Кырып салуу керек,аргасыз болбой эле
17.09.2022. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канчанкыга чейин биздин жарандар набыт боло берет
17.09.2022. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул согушту путин кылып жатат!
17.09.2022. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россия Федерациясынын колдоосу менен тажикстан ушундай кадамга барып жатат!
17.09.2022. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Кыргызстан!
17.09.2022. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
путин бийликтен кетсе ушунун баары токтойт!
17.09.2022. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
путин бийликтен кетсе ушунун баары токтойт!
17.09.2022. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Good luck to you Kyrgyz people against russian tanks
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: