Эне жана баланы коргоо борборунда Баткенден келген 5 балага операция жасалды
Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда чек арадагы куралдуу кагылышууда жаракат алган 8 бейтап дарыланууда. Алардын алтоо кичинекей бала. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Гүлзат Маймеровага байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымына караганда, кечээ 5 балага операция жасалды.
"Бизге түшкөн балдардын эң кичинекейи 9 айлык, эң чоңу 11 жашта. Кечээ 5 балага, бир чоң кишиге операция жасалды. Абалдары орто оор. 9 айлык наристе травматикалык шок алган", - деди Маймерова.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 103кө жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















