super.kg logo

Бишкек шаарында ири суммадагы уурулукка шектелген жаран кармалды

 

Бишкек шаарында ири суммадагы уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Свердлов РИИБине шаар тургуну Ш.А. арыз менен кайрылган. Анда 31-июль күнү саат 03:00 – 07:00 аралыгында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынан 180 миң сом өлчөмүндөгү акчасын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги айтылган.

Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, издөө иштери башталган.

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда аталган шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Эгерде аталган шектүү жарандан жабыр тарткандар болсо төмөнкү телефон номерлер аркылуу милицияга кабарлап койсо болот: 0550 102 609, 0707 27 27 44, 0 312 43-28-15 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.09.2022. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүп эле калбайсынбы,өз кара жанынды ойлоп уурулук кылып жүргүчө.Сендей дени сак уулдар Кыргызстаным деп өз жандарын тобокелге салып душман менен алышып жүрүшөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: