super.kg logo

"Кырчындай өмүр кыйылды...". Тажиктердин куралдуу кол салуусунан 23 жаштагы аскер каза болду

 

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан улам каза болгондордун катарында 23 жаштагы ага лейтенант Чыңгыз Акчалов да бар. Ал 1998-жылдын 12-декабрында Таластын Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган.

Баткенде эли-жери үчүн курман болгон Чыңгыз кичинекей кезинен эле аскер кызматкери болууну самаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун эжеси Бакен Акчалова билдирди.

"Инимдин мекенге болгон сүйүүсү күчтүү болчу. Эс тарткандан баштап эле аскер адам болуп, элим үчүн кызмат кылам дечү. Кайраттуу, өжөр, ак көңүл жигит болчу. Ушул жылы чоң апасынын жылдыгын өткөрүп, күзүндө үйлөнтөбүз деп жатканбыз. Мындай каргашалуу окуя болуп, уулубуздан айрылып калдык", - дейт маркумдун эжеси.

Чыңгыз Акчалов мекен алдында жасаган эмгеги үчүн президенттин колунан сыйлык алган. Мындан сырткары Москвада өткөн парадга да катышып келген.

Маркум Чыңгыз Акчалов кечээ, 16-сентябрда шейит кеткен. Учурда анын сөөгү Баткенден кичи мекенине алынып келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: