Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилди
Бүгүн, 18-сентябрь саат 11:00гө карата Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Маалыматты ӨКМдан билдиришти.Белгилүү болгондой, учурда анын 153 тоннасы жерине таркатылууда.
Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран, ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.
Алар:
- Ош облусунда - 44,
- Жалал-Абад облусунда – 12,
- Нарын облусунда – 6,
- Ысык-Көл облусунда – 69,
- Талас облусунда – 17,
- Чүй облусунда – 12,
- Ош шаарында -1,
- Бишкек шаарында – 1 пункт ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















