super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Асия Сасыкбаева Түркия парламентинин делегациясын кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 5-декабрда курамына депутаттар Көксал Топтан, Нажи Бостанжы, Иззет Четин кирген Түркия Улуу улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушту.

Вице-спикер жергебизге эки тараптуу алакаларды арттыруу үчүн келген түрк делегациясына ыраазычылык билдирди. Ал Түркия Кыргызстандын эгемендигин тааныган эң алгачкы мамлекет экенин белгилөө менен, акыркы 3 жыл аралыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык жанданганын айтты.

Ал эми түркиялык делегация башчысы Көксал Топтан Түркия эки тараптуу да, көп тараптуу да алкакта кызматтыштык мамилелерди, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды арттырууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал эми Түркия парламентинин Кыргызстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун төрагасы Нажи Бостанжы өз тобунун парламенттеги эң ири топ экенин баса белгиледи. Түрктөр кыргыз кардаштарын жакшы билет. Анткени бизди карт тарых бириктирип турат. Кыргызстан түрктөрдүн да түпкү журту болуп саналат. Ошондон улам биздин достук тобубузга киребиз деген депутаттар арбын. Жакында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси дайындалды. Анын насили да кыргыз. Буюрса, ал жакында өз ишине киришет,- дейт ал.

Түркия Улуу улуттук жыйынынын делегациясы эртең, 6-ноябрда өтө турган кыргыз парламентинин 75 жылдык мааракесине катышмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: