Алимбаев: "Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташууда"
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал жалпысынан турукташууда. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Облус башчысы билдиргендей, бүгүн эртең мененден баштап кырдаалга байланыштуу түзүлгөн эки тараптуу комиссия биргеликте иш алып барган.
"Анын жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларды жүзөгө ашырдык. Анын ичинде эки тараптан тең жабылган жолдор ачылды. Мындан сырткары Баткен районундагы бир катар айылдарга жергиликтүүлөрдүн кирип, чыгуусуна шарт түзүлдү. Ошол эле учурда электр энергиясы өчүрүлгөн айылдарда калыбына келтирүү жумуштары башталды", - дейт облус башчысы.
Алимбаев Көк-Таш-Ак-Сай жолундагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери да башталганын кошумчалады.
Мындан ары да аймакта эки өлкөнүн күч структуралары коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алары айтылды.
Абдикарим Алимбаев: Абал турукташууда
