super.kg logo

MegaCom’дун кызматкерлери Баткен облусунда жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү

 

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун кызматкерлери Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында орун алган кырдаалдан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү.

MegaCom’дун жамааты корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында, Баткен облусунун чек ара жаңжалы чыккан аймакта калган жана кооптуу жайлардан эвакуацияланган жарандарына кайрымдуулук иретинде компаниянын ичинде каражат чогултууну жарыялады. Кызматкерлердин жеке өздөрү чогулткан 1 миллион сомдон ашуун каражатына зарыл болгон дары-дармектер, азык-түлүк (балдар тамактары, макарон, тез даярдалуучу лапша, өсүмдүк майы, туз, кум шекер ж.б.) 3000 жуп байпак жана жеке гигиеналык каражаттарды (идиш-аяк жуучу каражаттар, балдар үчүн такма жалаяктар, кир жуучу самын, даарат кагазы ж.б.) сатып алышып, Баткен облусуна жөнөтүштү. Гуманитардык жардам Баткен облусуна жакынкы сааттарда жетип калат.

MegaCom компаниясы кызматкерлерге каражат чогултууга жана сатып алынган каражаттарды жөнөтүүгө көргөзгөн активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирет жана өлкөдөгү ири компанияларды дагы кайрымдуулук эстафетасына катышууга чакырат! Өлкө үчүн оор болуп турган кырдаалда мекендештерибизди колдоп, муктаж болгон жарандарыбызга баарыбыз бирге ыкчам жардам кыла аларыбызга ишенебиз.

Баткен, биз сени мененбиз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: