super.kg logo

Баткен облусунун жашоочулары үчүн каражат чогултуу

 

О! Мобилдик оператору каргашалуу окуяларда каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Азыр ар бир кыргызстандыктын болуп жаткан окуялардан жапа чеккен мекендештердин кайгысын тең бөлүшүп, жүрөгү тилинип отурган кези. Жалпы эл үчүн оор мезгилде ар бир каалоочу жардамга муктаж жарандарыбызга колдоо көрсөтө алат.

«О!Деньги» капчыгы жана О! төлөм терминалдары аркылуу каалаган сумманы Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары которуу мүмкүн.

«О!Деньги» аркылуу каражаттарды кантип которсо болот:

  1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.
  2. «Баткенге жардам» вкладкасын тандаңыз;
  3. Көңүлдөн чыккан сумманы көрсөтүп, төлөңүз.

Жардамды төлөм терминалдары аркылуу которуу жолу:

  1. Башкы экрандан «Баткенге жардам» вкладкасын тандаңыз;
  2. Телефон номериңизди көрсөтүңүз;
  3. Көңүлдөн чыккан сумманы купюра кабыл алгычка салып, төлөңүз.

Чогулган каражаттардын баары мамлекеттик бирдиктүү эсепке которулат. Алуучу – өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты.

Өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: