super.kg logo

"83 жаштагы адамдын мүлкүн ыйгарып алган...". Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 83 жаштагы адамдын мүлкүн ыйгарып алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көлдүн облустук милициясынан маалымдашты.

Кабарлангандай, Чолпон-Ата шаарынын 83 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында Корумду айылында жайгашкан “Айдын-Көл” жана “Автомобилист” эс алуу жайларынын ортосундагы жол тилкесинде орнотулган ага тиешелүү болгон темир тор сеткасын жана түтүктөрүн Серик аттуу жаран өз билемдикке салып, бузуп алып кеткендигин билдирген. Натыйжада, жабырлануучуга 35 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын аты-жөнү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал мурда соттолгон, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган Чолпон-Ата шаарынын 33 жаштагы тургуну Н.С. болуп чыкты.

Алгачкы суракта кылмышка шектүү катары кармалган жаран өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабырлануучуга келтирген материалдык чыгымды толугу менен төлөп берген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: