super.kg logo
  Спорт  

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди (видео)

 

Бүгүн, 20-сентябрда эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Алгач спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын мекен үчүн кылган эрдигин эскеришти.

Белгилей кетсек, учурдагы кырдаалдан улам атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.

Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өткөрүлгөн Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышты, алардын үчөө кыздар. Дүйнө биринчилигине катышкан 15 спортчунун бешөөсү байге менен кайтты, 2 алтын жана 3 коло.

Грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону болсо, Амантур Исмаилов коло медалды багындырган. Ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов коло байгенин ээси болду.






Видео: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: