super.kg logo

Иранда 22 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин нааразычылык акциялары үч күндөн бери уланууда

 

Ирандын тургундары туура эмес хиджаб кийгени үчүн полиция тарабынан кармалган Махса Амининин өлүмүнөн кийин үчүнчү күн катары менен өлкө боюнча көчөгө чыгууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы ирандык Махса Амининин каза болгондон кийин Тегеранда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракетине каршы нааразычылык акциялары күч алууда. Митингге чыккандар полиция кызматкерлери кызды катуу сабаганын айтышууда.

Интернетте ирандык атактуулар маркум Аминиге тилектештигин билдирип, чачтарын кыркып чыккан сүрөттөр жана видеолор көбөйүүдө.

Ирандын Күрт аймагында коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок атып, жыйынтыгында 5 адам каза болгондугу айтылды.

Өз кезегинде Ирандын полициясы Амининин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин, кыздын полиция бөлүмүндө күтүүсүздөн эсин жоготуп жыгылганын жана физикалык зордук-зомбулукка кабылбаганын көрсөткөн видеокөзөмөл камераларынын кадрларын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.09.2022. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимге жамандыгы жок кыздарды ислам олколорундо динди шылтоо кылып басмырлап, жашоосун тозоко айлантып жатышат. Кыздар кол тийгистик иммунитетке ээ. Эркектер ойлоп тапкан ислам диний шарият аялдардын жашоосу үчүн тозок. Адеп, ыйман, дин деген түшүнүктү ар кимиси өзүнө ыйңгайлуу кылып чечмелей беришип, акыры кыздардын эркин жашоосу, кулчулка айланып жатат.
20.09.2022. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ислам динин эркектер ойлоп тапкан эмес, ал Аллахым жиберген дин. Аны туура эмес тушунгондордун айынан ушундай нерселер болуп жатат. Динди туура тушунгондор бул дуйнодо да, акыретте да бактылуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: