super.kg logo

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 10 мектеп жана 7 бала бакча зыянга учурады

 

20-сентябрь саат 15:00гө карата Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 10 мектеп жана 7 бала бакча зыянга учураганы аныкталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 11 (27%) билим берүү уюмдарында (5 мектеп, 5 бала бакча) билим берүү процесси убактылуу токтоп турат. Сабактар 12 мектепте жана 18 бала бакчада жүргүзүлүүдɵ.

"Окуу процессинин толук калыбына келтирилиши адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу шартында штабдын тиешелүү чечиминен көз каранды. Ошондой эле атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия келтирилген зыяндын көлөмүн, кырдаалды калыбына келтирүү жана жай турмушка кайтуу үчүн канча каражат керектелерин аныктайт", - деп билдирди Жусупбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: