super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде жарандардын жоголгон документтери акысыз калыбына келтирилет

 

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын калкты каттоо департаментинин аймактык Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катарынан мобилдик топтор түзүлдү. Мобилдик топтор жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө зарыл болгон жарандардын тизмесин түзөт.

Белгилей кетсек, мобилдүү калкты тейлөө борборлору паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарындагы жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер башталды.

Ошондой эле 19-сентябрдан баштап калкты каттоо департаментинин Лейлек районунун Кулунду айылындагы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка аймактар аралык бөлүмдөрү жана бардык калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштей баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: