super.kg logo

Түркстанда Кыргыз-Казак интеллигенциясынын V форуму өттү

 

Түркстанда Кыргыз-Казак интеллигенциясынын V форуму өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нурдин Усеев билдирди.

Маалыматка ылайык, казак окумуштуусу Бекасыл Биболатулынын 200 жылдыгына арналган форум 17-сентябрда Эл аралык Түрк академиясынын колдоосу менен Түркстан облусунун Төлөби районунун Кенесарык айылында болуп өттү. Ага Казакстан президентинин кеңешчиси Малик Отарбаев, Межилистин депутаты Сауытбек Абдрахманов, Эл акыны Кожогелди Култегин жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курманов баштаган кыргыз делегациясы, эки өлкөнүн белгилүү окумуштуулары, академиктери, илимий институттарынын жетекчилери, интеллигенция өкүлдөрү жана журналисттер катышты.

"Форумда Түрк академиясы тарабынан басылып чыккан Бекасыл Биболатулынын «Зикзал», кыргыз элинин «Эр Эшим», белгилүү түрколог, профессор Кадыралы Конкобаевдин редакторлугу менен казак тилине которулган «Эр Эшим», «Жаныш-Байыш» аттуу баатырдык эпостор тууралуу сөз болду. 19-кылымда жашаган окумуштуу Бекасыл Биболатулы Ташкент, Самарканд, Бухара, Карнак жана Сайрам шаарларында, Сирия өлкөсүндө билим алган. Теологияны терең билген Бекасыл Биболатулы астрономия, математика жана философияны терең үйрөнүп, шыпаачылык өнөрү менен да белгилүү болгон. Анын бул тармактардагы эмгектери “Зикзал” китеби аркылуу бүгүнкү муунга жетип отурат", - деп белгиледи Нурдин Усеев.

Белгилей кетсек, уюмдун төртүнчү жолугушуусу 2019-жылы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын алдында Бишкекте өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: