super.kg logo

Нью-Йоркто тартылган сүрөт боюнча президенттин кеңешчиси түшүндүрмө берди

 

Президенттин кеңешчиси Эрнис Ашырбаев Нью-Йоркто тартылган сүрөткө түшүндүрмө берди.

Социалдык тармактарда президенттин кеңешчиси жана аппаратынын кызматкерлеринин Нью-Йоркто тартылган сүрөтү жарыяланып, интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынган. Алар кызматкерлердин Кыргызстан кайгыга батып турган маалда дүкөн кыдырып, сүрөткө түшүп жүргөнүн айтып нааразы болушкан.

Ал арада президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев окуя боюнча түшүндүрмө берип, АКШга өз каражатынын эсебинен барганын жазды.

“Урматтуу достор, менин сүрөтүм талкууга алынып жатыптыр. Анда “Мамлекеттин акчасына талтаңдап Америкада жүрөт” деген каралоо кошумчаланган. Мен жеке иштериме байланыштуу өз каражатым менен келип Америкада жүрөм, өлкө башчыбыздын иш сапарына тиешем жок. Азыр мүмкүнчүлүктөр кенен, “Манас” аэропортунан деле кимдин кайсы мезгилде учуп кеткенин оңой эле тактап алса болот. Туугандар, Нью-Йоркко биринчи жолу келдим, адам таасирленет экен, жаңылыктарды көрүп сүрөткө түшкүсү келет. Ал жактагы карындашым, студент курбу-достору менен мени тосуп алган, анан алар менен сүрөткө түшүп койдум. Менин ордумда сиздер деле сүрөткө түшөт элеңиздер. Сүрөткө түшүп койгонум сиздерге абдан жагымсыз болуп, эмоцияңыздарга терс таасир берип жатсам, анда кечирим сурайм”, - деп жазат Ашырбаев.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров учурда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарында (АКШ) жүрөт. Анын алкагында президент БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен өзүнчө эки тараптуу жолугушат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.09.2022. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар эмне мынча майдачыл болуп кетишкен. Суротко тушсо эмне экен. Согуш болду деп эле башты жерге салып журо бериш керек бекен, похорондо журушкон жерлери жок. Тушкон суроттон эч жамандык коргон жокмун. Суротко тушуп Эч кимге жамандык кылышкан жок. Анан кантип тушуш керек эле, жатып, ыйлап тушуш керек беле.
20.09.2022. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maria87 ошол жакынын жоготкон адамдардын ордуна өзүндү койуп көргөнүндө түшүнөт элең((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: