Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган 5 жоокер Оштогу аскер госпиталында дарыланууда





20-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова Баткен облусунан дарыланууга келген аскер кызматкерлеринен кабар алып аскердик госпиталга барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Анда вице-мэр Тажикстан менен чек арада ата мекенди коргоо үчүн күрөшкөн ар бир жоокер чыныгы баатыр экенин белгиледи.
"Силердин ар бириңер республикабыздын сыймыгы, үмүтүбүз жана таянычыбызсыңар. Ушул күндөрү мекенибизди баатырларча коргогон ар бир жоокердин ысымын көчөлөргө ыйгаруу зарыл. Элге кылган кызматыңыздар үчүн рахмат", - деп баса белгиледи вице-мэр.
Андан соң Ош шаарынын мэриясынын атынан жоокерлерге спорттук кийимдер, мөмө-жемиштер жана таттуулар берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.