super.kg logo

Нурлан Мотуевди сабаганга шектелген жаран кармалды

 

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевди сабаганга шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуев арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 18-сентябрында Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40 чамасында белгисиз 3 адам ага карата күч колдонуп, уруп сабап, кара түстөгү барсеткасын тартып алганын, ал барсетканын ичинде көк түстөгү Самсунг А31 үлгүсүндөгү уюлдук телефону, 32 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты, паспорту жана арыз ээсинин пенсиялык күбөлүгү болгонун билдирген. Андан кийин кылмыш болгон жерден шектүүлөр изин жашырып качып кеттишкенин маалымдаган.

Аталган факты (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган Б.И. аттуу тургуну кармалган.

Кармалган жаран Нурлан Мотуевди алты жылдан бери абдан жакшы тааныгандыгы, жашаган жерин билгендиги, аны сабап кетүүгө Нурлан Мотуев өзү себепкер экени, негизги маселе ортодогу келишпестиктен улам өч алуу максатында сабап кеткендиги аныкталды.

Шектүү Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми айдап жүргөн унаасы Свердлов РИИБдин короосуна токтотулду. Ал эми жанындагы эки шеригин издөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.09.2022. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип жалгыз адамды топтошуп алып сабап кеткени иттер дагы мындай кылбайт. Колунан келсе Мотуевке өзү барып бирге бир мушташпайбы. Колунан келбеген эркектер ушундай болот, өз башы менен бир да маселени чече албай, бирөөнүн колу, күчү менен чечкенди мыкты өздөштүрүп алат. Бир жагынан Нурлан "ооз баатыр" болуп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: