"Эркибиз эч качан сынбайт". Баткендеги аскер кызматкери кайрылуу жасады (видео)
Баткендеги "Миң-Булак" чек ара заставасындагы аскер кызматкери видео кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда аскер кызматкери чек ара заставасы Тажикстан тараптын аткылоосуна калганына карбастан Кыргыз желеги желбиреп жатканын белгиледи.
"Урматтуу мекендештер жана аскер кызматкерлери. Биз Тажикстан аткылаган Баткендеги "Миң-Булак" чек ара заставасындабыз. Өзүңүздөр көрүп тургандай чек ара заставасы миномёттун жана оор аскердик техниканын аткылоосунда калган. Келтирилген зыянга карбай Кыргыз желеги ар дайым сыймыктануу менен желбирейт. Биздин эркибиз эч качан сынбайт", - деди ал.
Баткендеги аскер кызматкеринин кайрылуусу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
erlan_87

21.09.2022. 18:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким Баткенде иштейм, жашайм дегендердин айлыгын үч эсе көбөйтүп бергиле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.