Алимбаев: "Чек арабыз тынч. Такталбаган маалыматтарга ишенбеңиздер"
Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арада абал тынч экенин билдирди. Мындан сырткары социалдык тармактарга тарап жаткан такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.
Ошол эле учурда чек арада тынчтыкты мындан ары да сактоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары кыргыз-тажик чек арасында кайрадан октун үнү угулуп жатканын жазышкан. УКМКнын Чек ара кызматы мындай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.
Алимбаев: Такталбаган маалыматтарга ишенбегиле
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.