super.kg logo

Интернет аркылуу айдоочулук күбөлүк саткан жаран кармалды

 

Айдоочулук күбөлүк сатуучу интернет дүкөндү уюштурууга шектүү жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка таянсак, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Мамлекеттик каттоо кызматында расмий катталган айдоочулук күбөлүк сатып жүрүүчү белгисиз жактар боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Биринчи Май РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" боюнча катталган.

Шектүү катары 2003-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалган. Ал социалдык мессенжерлерде «TOPDARKNET» интернет дүкөнүн түзүп алып, ар кандай пабликтерде МККда расмий катталган айдоочулук күбөлүктүн бардык категорияларын даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кулактандырууларды таратуу менен алектенгендигин айткан. Ошону менен бирге акча каражаттар «О!Деньги» электрондук капчыгына түшүп, андан ары банктык картага чыгарылып турган.

Кармалган жак банктык картаны, ошондой эле «TOPDARKNET» интернет-дүкөнүнүн баракчаларына кошулган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген. Ал аталган интернет-дүкөндүн уюштуруучусу жана ээси болгон. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын кылмыштарынан жабыр тарткан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы интернет-дүкөндөн жабыр тарткан жарандар ИИМдин БМЖКККга жана Биринчи Май РИИБнин Тергөө кызматына кайрылса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2022. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сепур онфи вы просто идиоты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: