super.kg logo

Жалал-Абадда жашаган өзбек улутунун эли Баткенге 400 миң сомго жакын жардам жиберди

 

Жалал-Абадда жашаган өзбек улутунун эли Баткенге 400 миң сомго жакын жардам жиберди.

Жалал-Абад облустук өзбек улуттук-маданий борборунунун төрагасы Латипжон Ахмадалиевге байланышканыбызда, маалыматты тастыктап, 300 миң сомдон ашык каражатка азык-түлүк жана керектелүүчү үй буюмдарын, 50 миң сомду Баткендеги атайын эсепке которушканын билдирди.

“Биз бир элбиз, мекенибиз дагы бир. Мындай кыйынчылык учурда четте калбай, аз болсо да жардамга колубузду суналы дедик. Жалал-Абадда жашаган өзбек эли биригип, кайдыгер эмес жарандар колунан келген жардамын берип жатат. Азыркы күнгө чейин мындай иштер уланып жатат. Баткенге азык-түлүк продукциясы, кийим-кече, үй тиричилигине жана кичинекей балдарга керектүү буюмдарды шаардагы атайын штабга өткөрүп бердик. Мындан ары жергебизде дайыма тынчтык болсун!”, - дейт Ахмадалиев.

Өзбек улуттук-маданий борборунунун төрагасы Баткен элине материалдык жардам көрсөтүү иштери мындан кийин да улантыларын кошумчалады.






Өзбек диаспорасы Баткенге жардам жиберди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: