super.kg logo

Иранда 22 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин күчөгөн акциядан 30дан ашык адам каза болду

 

Иранда туура эмес хиджаб кийгени үчүн полиция тарабынан кармалган Махса Амининин өлүмүнөн кийинки нааразычылык акциясы 31 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциялары Ирандын 100дөн ашуун шаарларында жана 30 провинциясында өтүп жатат. Митингчилер полиция жана өкмөттүк имараттарды өрттөштү. Укук коргоо кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, элге ок чыгарган. Нааразычылык акциядан кеминде беш полиция кызматкери набыт болду.

Ирандагы баш аламандык маалында мобилдик интернет өчүрүлдү. Ирандын чалгындоо кызматы кечээ, 22-сентябрда нааразылык акцияларына катышуу мыйзам бузуу экенин жана бардык демонстранттар сот жообуна тартыларын билдирген.

22 жаштагы Махса Амини өткөн шейшембиде полиция тарабынан хиджаб кийүү эрежесин бузганы үчүн кармалган. Ал кармалгандан бир нече сааттан кийин комага түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.09.2022. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын бети башын хиджабка ороп тумчулоо - жашоодо кыздарга эч кандай артыкчылык бербейт. Кыздар жашоодо эркин болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: