super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Түркиянын депутаттар делегациясын кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5-декабрда Улуу улуттук жыйынынын депутаты, түрк парламентинин экс-спикери Көксал Топтан баштаган Түркиянын депутаттар делегациясы менен жолугушту.  

А.Жээнбеков Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык мамилелердин ырааттуу өнүгүп бара жатканын билдирди. “Дипломатиялык мамиле түзүлгөн учурдан тартып азыркы учурга чейин Кыргызстан боордош түрк элинин камкордук жардамын сезип келет. Кыргызстандын Түркиянын Экспорттук-насыя банкына 51 млн доллар көлөмүндөгү мамлекеттик карызынын кечилиши, 100 млн доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыянын берилиши эки тараптуу мамилелердин айкын мисалы, - дейт төрага.

Түрк делегациясынын башчысы Көксал Топтан өз кезегинде Түркиянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерин жогору баалаарын билдирди. “Биз Кыргызстанда парламенттик демократия ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын көрүп жатабыз, мындан ары да жана парламенттер аралык байланыштын алкагында кызматташтык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз”,- деди ал.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар жалпы тарыхый, маданий жана тилдик мурастарды сактоого багытталган демилгелерди алга жылдырууга жана ишке ашырууга бардык аракеттерди жасоо ниетин билдиришти. Белгилей кетсек, Түркиянын парламенттик делегациясы бүгүн, 6-декабрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: