super.kg logo

Нарында опузалоо жана тоноо менен алектенген жаран кармалды

 

Нарын шаарында опузалап талап кылуу, тоноо менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, милицияга арыз менен Нарын шаарынын тургуну кайрылган. Арызында ал 2006-жылы туулган инисин С. аттуу жигит коркутуп, уруп, денесине жаракат келтирип, 35 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жатканын билдирген.

Ошондой эле Нарын шаарынын 2003-жылы туулган жашоочусу милицияга кайрылып, 11-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында С. аттуу бала ага таандык Айфон XS үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуп, опузалап тартып алганын билдирип, шектүүгө карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган.

Мындан сырткары Нарын шаарынын 1977-жылы туулган тургуну дагы милицияга арыз менен кайрылып, анын уулунун баасы 3000 сомдук күрөң түстөгү барсеткасын С. деген бала 31-август күнү эч себепсиз уруп, сабап, тартып алгандыгын билдирген.

Аталган фактылар Нарын ШИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Нарын шаарынын 2004-жылы туулган М.С. аттуу тургуну кармалган. Шектүүнү тинтүү учурунда 12 000 сом акча каражаты, ал көтөрүп жүргөн өңү күрөң түстөгү барсеткасынан бир даана Айфон XS үлгүсүндөгү өңү ак түстөгү уюлдук телефон жана сабы кара түстөгү бир даана бычак табылып алынган.

Бүгүнкү күндө арыз ээлери шектүү М.С. уруп, сабап коркуткандыгын билдиришкендиктен, аларга карата соттук-медициналык, мындан тышкары анын жанынан чыккан бычакка соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалган.

Шектүү М.С. жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип Нарын шаардык сотунун токтому менен 2 айга камакка алынды.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.09.2022. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон шакалдар күйгүздү го. Ушундай кыйын болсо мекен чегине бар да чек араны коргосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: