super.kg logo

Дары-дармектерди жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү маселеси боюнча кеңешме өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жыйындын жүрүшүндө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган системасы сунушталды.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөгө алып келинген дары-дармектерди эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Система виртуалдык кампаны көрсөтүшү керек. Контрафакттык продукцияны четтетүү үчүн кайсы дары-дармектер өлкөгө алып келинип, 5 миңге жакын дарыкананын кайсынысында сатылып жаткандыгын көрүшүбүз керек. Мындан тышкары электрондук дары жазууну (электрондук рецепт) ишке киргизүү боюнча иштерди жайгаруу зарыл. Система фармацевтикалык компаниялар тарабынан айрым дары-дармектерди атайылап илгерилетүү факторлорун болтурбоо максатында дарыгерлер бейтаптарга кайсы дарыларды жазып бергенин каттап турушу керек", - деди Жапаров

Белгилей кетсек, иштелип чыккан система контрафакттык медициналык продукцияга каршы күрөшүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылат, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын лицензиялоо процесси аркылуу рыноктогу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жогорулатат. Мындан тышкары дары-дармектерге байкоо жүргүзүү системасын ишке киргизүү рынокко толук көзөмөлдү камсыздоо аркылуу дары-дармектердин баасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: