Бишкекте уурулукка шектелип 18 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте уюлдук телефон уурдап, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Кабарлангандай, милицияга арыз менен Т.Э аттуу жаран кайрылган. Анда Рыскулов көчөсүндө белгисиз адамдар күч колдонуу менен 25 000 сомдук Redmi 10 pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып изин жашырып кеткенин жазган.
Бул факты каттоого алынып, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, 2004-жылы туулган А.А. аттуу жигит шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга 10 күнгө киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.